11:34, 04 марта 2025, 24.kg

УКМК Талас облусунда эки милиция кызматкерин кармады

Талас облусунда УКМК Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо инспекциясынын эки милиция кызматкерин пара талап кылып жаткан жеринен кармады.

Атайын кызмат укук коргоо органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү токтотуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте ички ишер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан опузалап пара талап кылуу фактысын аныктады.

Кармалгандар Айтматов райондук ички иштер бөлүмүнүн жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн ага инспектору (майору) жана кенже инспектору (сержанты). Аларга карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (опузалап пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголду.

2025-жылдын 28-февралында КР Кылмыш-жаза кодексинин «Опузалап пара талап кылуу» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында айып короо жайынан унааны берүү боюнча акча каражатын мыйзамсыз алгандыгы үчүн Айтматов райондук ИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспектору К.Н.Р. жана кенже инспектору Н.С.Ж. кармалды. Алар Талас ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Учурда башка тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.

УКМК мамлекеттик жана укук коргоо органдары тарабынан коррупциялык көрүнүштөр аныкталган учурларда жарандарды 03422 5-20-43, 03422 5-28-58 ишеним телефондоруна кайрылууга чакырат.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18