10:29, 04 марта 2025, 24.kg

Мурдагы билим берүү министри 12 жылдык окуунун артыкчылыктарын тизмектеди

Мурдагы билим берүү министри, Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу мектептерде 12 жылдык билим берүүнүн артыкчылыктарын тизмектеди

Каныбек Иманалиев төмөнкүлөрдү белгиледи:

1. 12 жылдыкка өткөндө ЖОЖдорго окуу 4 жылдык эмес 3 жылга азаят, демек бир жыл эрте бүтөт.

2. Колледждер 3 жылдан 2 жылга кыскарышы керек.

3. 12 жылдыкка өткөндө көбү 10 жылдан кийин эле кесип тандоого өтүп, лицейлер, орто кесиптик окуу жайларга өткөндөр көбөйөт, демек баары эле сөссүз түрдө 12 жыл окуй бербейт.

4. Балдарыбыз 7 жашка караганда мектепке 6 жашында барса сабакты өздөштүрүүсү тезирээк жана сапаттуу болоору эбак аныкталган.

5. 12 жылдыкка өтүү — бул дүйнөлүк алдыңкы билим берүү интеграциясына аралашуу болуп эсептелинет.

6. Сапаттуу билим берүү жана 12 жылдыкка өтүү экөө эки башка маселе

 

Photo 367387

Эске салсак, кечээ УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев 12 жылдык мектепке өтүүгө каршы пикирин билдирген. Анын айтымында, Кыргызстан мындай реформаларга азырынча даяр эмес.

Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында депутат Камила Талиева АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) жабылышынан улам Билим берүү министрлигинин демилгеси ишке ашпай турганын билдирди.

2025-2028-жылдары 12 жылдык мектепте билим берүүгө өтүү концепциясын ишке ашыруу үчүн 25,8 миллиард сом талап кылынары мурда маалымдалган.

Алдыда 12 жылдык мектептик билим берүү системасына өтүүгө байланыштуу 2025/26-окуу жылына бир катар инновациялар пландалууда. Тактап айтканда, айрым окуучулар классты калтырып, мектепке чейинки даярдыктан өткөн балдар биринчи классты кыйгап өтүп, түз эле экинчи класска кабыл алынат.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18