13:25, 03 марта 2025, 24.kg

Январда өлкө бюджетине казино жана букмекердик кеңселерден 31 млн сом түшкөн

Январь айында Кыргызстандын бюджетине казинолордон жана букмекердик кеңселерден 31 миллион сом түшкөн. Мындай маалыматтар Каржы министрлигинин отчетунда камтылган.

Кирешенин негизги бөлүгүн катталган казинолор бергени такталган. Алар 29,4 миллион сомдон ашык салык төлөшкөн. Букмекердик конторалар жана букмекердик компаниялар бюджетке 1 млн сом которгон.

Онлайн казинолорго жалпысынан 134 миң сом төлөдү. Оюн автоматтары залдары — 375 миң сом которгон.

Каржы министрлигинин маалыматы боюнча өткөн жылдын январь айында казинолор бюджетти 22 миллион сомго толуктаган.

Эске сала кетсек, 2022-жылдын июнь айында президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок ишмердүүлүгү жөнүндө» мыйзамга кол койгон. Кыргызстандыктар, 21 жашка чейинки чет өлкөлүктөр жана аракетке жөндөмсүз чет элдик жарандар кумар оюн жайларынын кардары боло албастыгы аныкталган.

2023-жылы өлкө бюджетине кумар оюндарына салыктан 96 миллион 896,2 миң сом түшкөнүн Каржы министрлиги билдирди. Депутаттар кумар оюндарынын ишмердүүлүгү министрлер кабинети убада кылган бюджетке киреше алып келбей жатканына нааразы болушкан эле.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18