13:10, 03 марта 2025, 24.kg

«Кадастр» ишканасынын Аламүдүн филиалынын директорунун орун басары кармалды

«Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Аламүдүн филиалынын директорунун орун басары Э.А.А. жер ресурстарына байланышкан коррупциялык схемаларды иликтөөнүн алкагында кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, тергөөнүн жүрүшүндө Э.А.А.ны мыйзамсыз басып алуу фактысы аныкталган. 15 сотых жер тилкесин пара катары алган. Кылмыштын бети Көк-Жар айылынан жер тилкелеринин берилишинин мыйзамдуулугун текшерүү учурунда аныкталган.

 

Көк-Жар айылынын 172, 544, 549-556, 552-контурларындагы жер тилкелеринин алынышынын мыйзамдуулугун текшерүүдө 2007-жылы № 544 контурдан жарандарга 4,3 гектар айыл чарба жерлери бөлүнүп берилгени такталган.

Узак убакыт бою аталган аймак өз максатына ылайык пайдаланылбай, менчик ээлери аны майда участокторго бөлүп, жеке турак жай куруу үчүн сатууну көздөшкөн. Трансформацияга мүмкүнчүлүк болбогондуктан, Э.А.А. жер тилкени трансформациялоого көмөк көрсөтүүнү сунуштап, сыйлык (пара) катары ошол эле аймактан 15 сотых жер тилкесин ээлеп алган. Аталган жер тилкеси жээни болуп эсептелинген адамга катталган.

Топтолгон материалдардын негизинде кылмыш иши козголуп, анын алкагында А.Э.Э. кармалып, КР Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

УКМК Бишкек шаарынын айланасындагы аймактардагы, анын ичинде административдик-аймактык реформанын алкагында кошулган жер тилкелерине карата мыйзамсыз аракеттерди аныктоо, ошондой эле аларды мамлекеттик баланска кайтаруу боюнча иштерди улантууда.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18