11:24, 03 марта 2025, 24.kg

ДСУ: 2050-жылга чейин дүйнө жүзү боюнча эмчек рагы 68 пайызга көбөйөт

2050-жылга чейин дүйнө жүзү боюнча эмчек рагы 68 пайызга көбөйөт. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Рак оорусун изилдөө боюнча эл аралык агенттиктин жаңы божомолуна таянып билдирди.

25 жылдан кийин дүйнөдө эмчек рагынан каза болгондордун саны 68 пайызга, ал эми оорунун жаңы учурлары 38 пайызга көбөйөрү белгиленген. Бул жыл сайын 3,2 миллион жаңы диагнозду жана 1,1 миллион өлүмдү түзөт.

ДСУнун маалыматы боюнча, 2022-жылы эмчек рагы 2,3 миллион аялда аныкталган. Алардын 670 миңи өлгөн. Бул оору аялдар арасында рактын эң кеңири тараган түрү болуп саналат: ар бир 20-аял өмүр бою эмчек рагы менен ооруйт.

Оорунун эң жогорку деңгээли Түндүк Европада, Түндүк Америкада, Австралияда жана Жаңы Зеландияда байкалат.

Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө, өзгөчө Тынч океандын аралдарында (Меланезия, Полинезия) жана Батыш Африкада эрте диагностикага жана дарылоого жетпегендиктен өлүм бир кыйла жогору. Кедей өлкөлөрдө эмчек рагы диагнозу коюлган аялдардын 56 пайызы оорудан каза болушса, бай өлкөлөрдө бул көрсөткүч 17 пайызга жетет.

Эмчек рагына чалдыккандардын көбү орто жашта же андан кийин аныкталат. Бирок Африкада оорунун 47 пайызы 50 жашка чейинки аялдарда болсо, Түндүк Америка менен Европада бул көрсөткүч 18-19 пайызды, Океанияда 22 пайызды түзөт.

Жети гана өлкө — Бельгия, Дания, Литва, Мальта, Нидерланды, Словения жана Швейцария — жыл сайын эмчек рагы боюнча өлүмдөрдү 2,5 пайызга кыскартуу боюнча Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун глобалдык максатына жетишти. Эгерде бардык өлкөлөр бул максатка жетишсе, 2050-жылга чейин эмчек рагына чалдыккандардын саны дээрлик эки эсеге кыскарат.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18