11:06, 03 марта 2025, 24.kg

«Кыргызкөмүр» ишканасы кенди иштетүүгө канча лицензия алды?

Энергетика министрлиги «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы кендерди иштетүү жана чалгындоо үчүн канча лицензия алганын билдирди.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, 20 лицензия мамлекеттик ишканага өткөрүлүп берилген. 2024-жылы «Кыргызкөмүр» ишканасынын көмүр казып алуусу 1,6 миллион тоннаны түздү. Ошондой эле 11,1 млн куб метр жер кыртышын ачуу иштери жүргүзүлдү.

Энергетика министрлиги республиканын түштүгүндө жайгашкан Загара-2 жана Урмизан-3 деген эки кен иштетилгенин билдирди. Күз-кыш мезгилинде калкты арзан катуу отун менен өз убагында камсыз кылуу максатында «Кыргызкөмүр» МИ 75 отун базасы менен келишим түзгөн. Ак-Улак кенинен 80 миң тонна көмүр казылып, Бишкектин керектөөсүнө берилген.

Эске салсак, 2023-жылы мамлекеттик ишкана көмүр кендерин иштетүүгө 13 лицензия алган. «Кыргызкөмүр» ишканасы Кытай менен биргеликте Сүлүктү, Карабулак, Беш-Бурхан, Көк-Жаңгак, Тегенек, Дагара, Урмизан, Ак-Улак кендеринен катуу отун казууну пландаган.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18