18:28, 28 февраля 2025, 24.kg

МинКаб Жазгүл Карбосованы «Эркин-Тоо» гезитинин башкы редактору кылып дайындады

Жазгүл Карбосова өкмөттүк «Эркин-Тоо» гезитинин башкы редактору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, министрлер кабинетинин төрагасынын тиешелүү буйругуна 26-февралда кол коюлган.

Жазгүл Карбосова акыркы бир жылдан бери Мамлекеттик ипотекалык компаниянын калкты тейлөө бөлүмүндө жетектөөчү адис кызматын аркалап, ага чейин журналистика тармагында эмгектенген — адегенде түрдүү басылмаларда кабарчы, кийинчерээк бир катар гезит-журналдарда редактордун орун басары, башкы редактору болуп иштеген.

«Эркин-Тоо» гезитинин мурдагы башкы редактору Нарала Асанбаевдин кызматтан кеткени 20-февралда белгилүү болду. Ал кызматтан өз каалоосу менен кеткенин айткан.

«Эркин-Тоо» — өкмөттүк гезит; анын башкы редактору министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан дайындалат.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18