18:32, 27 февраля 2025, 24.kg

Орусия аэропортторунда ЕАЭБ жарандары үчүн өзүнчө коридор ачуу сунушталды

Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев Мамдуманын Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги, евразиялык интеграция жана мекендештер менен байланыштар боюнча комитетинин төрагасы Леонид Калашников менен миграция маселесин талкуулады. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, алар Кыргызстандын жарандарынын Россияда жүрүүсүнө байланыштуу актуалдуу маселелерге өзгөчө көңүл бурушкан.

«Бөкөнтаев миграция чөйрөсүндө кабыл алынган ченемдик-укуктук актыларда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин эмгекчилери үчүн каралган бардык жеңилдиктерди сактоо жана камсыз кылуу зарылдыгын айтып, муну менен интеграциялык бирикменин максаттарына жетсе болорун белгиледи», — деп айтылат маалыматта.

Элчи ошондой эле миграция жаатында тийиштүү сунуштарды дагы берген.

«Дипломатиялык өкүлчүлүктүн башчысы Москванын жана бүткүл Россиянын аймагындагы аэропорттордо, миграциялык борборлордо жана кеңселерде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандары үчүн өзүнчө өтмөктөрдү жана тейлөө терезелерин ачууну сунуштады», — деди ТИМ.

Тараптар Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да арттыруу үчүн туруктуу байланыштарды улантууну макулдашты.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18