14:33, 27 февраля 2025, 24.kg

Ысык-Көлдө досунун өлүмүнө шектүүлөр кармалды

Укук коргоо кызматкерлери досун өлтүргөн деген шек менен эки адамды кармашкан. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Ысык-Көл райондук ооруканасы бейтаптын өлүмү боюнча милицияга кайрылган. Дарыгерлердин айтымында, ошол күнү болжол менен саат 23:50дө катуу сабалган, болжол менен 25-30 жаштардагы эркек киши алган жаракатынан улам каза болгон. Укук коргоо кызматкерлери маркумдун өздүгүн такташты. Ал Бишкек шаарында жашаган 33 жаштагы Т.Д.болгон.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин «Ден соолукка оор залал келтирүү» беренеси боюнча иш козголду.

Ыкчам кызматкерлер кылмышка шектүүлөрдү аныктап, кармашкан. Алар Чолпон-Ата шаарынын 32 жаштагы Н.Ж. жана Жети-Өгүз районунун 32 жаштагы К.А. Кармалгандар күнөөсүн мойнуна алып, досун эски таарынычтан улам ур-токмокко алышканын, ал аларды кемсинткендигин айтышкан. Тергөөнүн жүрүшүндө аталган адамдар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18