13:10, 27 февраля 2025, 24.kg

Кыргыз-тажик чек арасындагы айылдар жана жер тилкелери алмашылды

Баткен районунун Достук айылы Тажикстанга өткөн. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул айыл кыргыз айылдарынан алыс жайгашкан.

«Мындан биз үчүн эч кандай экономикалык же стратегиялык пайда жок. Бирок биз бул айылды нөлдөн баштап курганыбызды айттык. Жаңы үйлөр, чек ара заставасы бар. Ошондуктан компенсация катары 30 гектар жер алдык», — дейт Камчыбек Ташиев.

Алсак, Баткен районунун Достук айылынын, Мозайт (8,3 га), Көк-Терек (17,5 га), Таш-Тумшук (20,1 га) жана Дача участкасынын (5 га) тургундарынын 91 гектар жери тажик тарапка өткөн. Берилген жердин жалпы аянты 141,9 гектарды түзөт.

Өз кезегинде Кыргызстан:

Исфара районунун Самонион айылы (18,4 га),

Дахма участогу (3,1 га),

Ходжай Алло айылынын бир бөлүгү (21,5 га),

Гавсувар тилкеси (2,7 га),

Миң-Булак тилкеси(42 га бакчасы менен),

Лаккон участкасынын бир бөлүгү (55 га). Бардыгы болуп 142,7 гектар.

Бир күн мурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара боюнча келишимди ратификациялоо процесси бир айдын ичинде аяктай турганын билдирген.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18