12:38, 27 февраля 2025, 24.kg

Мажүрүм тал, кызыл карагайлар, кайыңдар. Кумтөр кантип аймакты жашылдандырууда?

2022-жылдан 2024-жылга чейин «Кумтөр Голд Компани» ишканасы кен жериндеги концессиялык аймагы жайгашкан Ысык-Көл облусунда экологияны жана айлана-чөйрөнү коргоону жакшыртуу боюнча бир нече долбоорлорду ишке ашырган.

Компаниянын маалыматы боюнча, «Жашыл Мурас» экологиялык акциясынын алкагында Жети-Өгүз жана Тоң токой чарбаларында жалпы 8 гектар аянтка токой өсүмдүктөрү айдалган. Жети-Өгүз районунун токой чарбасы үчүн керектүү техникалар сатылып алынган. Ошондой эле Түп токой чарбасынын Каркыра участкасына 300 гектар аянтка токой өсүмдүктөрүн отургузууну каржылады.

Тянь-Шань кызыл жана кара карагайдын, кайыңдын көчөттөрүн кошкондо 288 миң түп түп отургузулду.

Кумтөр кенине баруучу технологиялык жолдун 14-чакырымына 150 түп тал көчөттөрү жана 150 түп Тянь-Шань карагайы отургузулду.

Photo 366900

Мындан тышкары, Мукаш Абдраев атындагы Республикалык орто адистештирилген музыкалык мектеп-интернатынын, Республикалык «Алтын түйүн» балдар инженердик-техникалык академиясынын жана Беловодский балдар психоневрологиялык социалдык мекемесинин аймагын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18