12:21, 27 февраля 2025, 24.kg

Кайрагач анклавы Кыргызстанга өткөн. Тажикстанга кайсыл аймактар ​​алмашылды?

Баткен облусунун Лейлек районундагы Кайрагач анклавы Кыргызстандын карамагына өттү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында билдирди.

Ал Лейлек району боюнча мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүүсүн жөнгө салууда Тажикстандын Кайрагач тилкесинен Кыргызстандын пайдасына 155 гектар жер жана 35 гектар Кайрагач анклавынын жерлери алынды. Жалпы аянты 190 гектар экендигин айтты.

Анын ордуна Камчыбек Ташиевдин айтымында, Кыргызстан коңшуларына:

Сада 21 гектар, Раззаков тилкеси 23,5 гектар, Селкан 4 гектар, Майты 7 гектар, Пролетарск 12,5 гектар, Улак-Жай 15 гектар, Ак-Арык 7 гектар жалпы 90 гектар жана Баткен районунун Кара Бак тилкесинен 65 гектар берилди. Кайрагач анклавынын ордуна Майтыдан 35 гектар берилди. Жалпы 190 гектарды түздү. 190 гектар жер берип, 190 гектар жер алдык «,- деди ал.

«Селкан каналынын ылдый жагында жайгашкан жерлерибиздин баарын өткөрүп бердик. 2, 5, 9 гектар аянттагы майда тилкелер. Өз кезегинде биз алардын аймагыбызда жайгашкан эбегейсиз көп жерлерин алдык», — дейт Камчыбек Ташиев.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18