10:26, 27 февраля 2025, 24.kg

Кыргызстандагы суу объектилерин пайдалануу үчүн төлөм жогорулатылат

Кыргызстан суу объектилерин пайдалануу үчүн төлөмдү көтөрүүнү көздөөдө. Балык чарбасы жаатындагы ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөр коомдук талкууга коюлду.

Коштоочу документте балык запастарын жасалма көбөйтүү, суу объектилериндеги балык чарбасын мелиорациялоо жана мониторинг жүргүзүү суу объектилеринин акваторияларын ижарага берүүдөн түшкөн каражаттардын эсебинен ишке ашырылаары белгиленген.

Алымды эсептөө методологиясы биринчи жолу 2018-жылы иштелип чыккан, 2019-жылы ишке киргизилген жана бүгүнкү күнгө чейин өзгөргөн эмес.

Суу сактагычтарды пайдалануучулар менен алдын ала талкуулар жүргүзүлүп, методология боюнча түшүндүрмөлөр берилгени, алардан суу сактагычтарды пайдалануу үчүн төлөмдүн өлчөмүн жогорулатуу боюнча даттануулар болгон эмес.

Балык чарба департаментинин мисалында Токтогул суу сактагычынын акваториясы үчүн колдонуудагы методология боюнча эсептелген ижара акысы гектарына 188 сомду түзөт. Өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин, тактап айтканда, балык өсүүчү зонаны кошкондон кийин Токтогул суу сактагычынын 1 гектар акваториясынын ижара акысы 808 сомду түзөт.

Республикалык бюджетке финансылык каражаттардын агымын көбөйтүү, ошондой эле суу объектилеринин балык продуктуулугун жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин сапатын жана көлөмүн жогорулатуу максатында эсептөө методологиясы өркүндөтүлдү.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18