08:30, 27 февраля 2025, 24.kg

Бүгүн Бишкектин үч конушунда суу болбойт

Бүгүн, 27-февралда Бишкектин Ак-Жар, Ак-Бата, Келечек конуштарында ичүүчү суу өчүрүлөт.

«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасынан билдиришкендей, турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, медициналык мекемелерге жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге ичүүчү суу убактылуу токтотулат.

Маалыматка ылайык, өчүрүү шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу. Суу төмөндөгү даректерде жок болот:

Саат 10:00дөн 20:00гө чейин — Кийизбаев, Мамбетов, Курманжан Датка көчөлөрү менен чектешкен аймак;

Саат 10.00дөн 17.00гө чейин — Ахунбаев, Руставели, Тыналиева көчөлөрү;

Саат 10:00дөн 14:00гө чейин — Саманчин, Малдыбаев, Байтик Баатыр, Сүйөркулов, Тыныстанов, Ахунбаев көчөлөрү.

Тургундар ичүүчү сууну алдын ала камдап алуусун суранышат. «Бишкексууканал» ишканасы келтирилген убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18