18:00, 26 февраля 2025, 24.kg

Жалал-Абадагы мектепти курууда 6 млн сомдон ашык каражат уурдалган

Жалал-Абадда жергиликтүү мектепти курууда ири суммадагы акчаны ыйгарып алуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

«Облустук прокуратура Жалал-Абад шаарындагы Фуркат орто мектебин курууда өзгөчө ири өлчөмдө акча уурдалганын аныктады. Облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери ООО К. менен тил табышып, иш жүзүндө аткарылбаган курулуш иштерин кабыл алып, расмий документтерге жалган маалыматтарды киргизип, мыйзамсыз түрдө 6,3 млн сом төлөп беришкени аныкталган», — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Документтерди жасалмалоо» жана «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу» беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Андан ары иликтөө үчүн материалдар УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18