17:48, 26 февраля 2025, 24.kg

Камчыбек Ташиев Баткендеги стадиондун курулушуна капсула салды

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Баткенде 10 миң орундуу стадиондун курулушуна капсула салды. Бул тууралуу облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Спорт комплексинин жалпы аянты 10 гектарды түзөт. Аймакта үч машыгуу аянтчасы, төрт мини-футбол аянтчасы жана кийим алмаштыруучу жай бар.

Стадионду айланта орнотула турган жарык берүүчү приборлордун аркасында кечинде турнирлерди да өткөрө алат.

Комплексте ошондой эле профессионал спортчулар жана жаш оюнчулар үчүн 100 орундуу жатакана жана 200 унаа үчүн унаа токтотуучу жай да болот.

Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү белгилегендей, иш-чаралар президенттин «2024-2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгынын алкагында ишке ашырылууда.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18