16:02, 26 февраля 2025, 24.kg

Депутат колонияда кыйноолор болуп жатканын билдирди. ЖАКтын жообу

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Кемел Садыковдон Сокулук районундагы No19 (өзгөчө режим) түзөтүү абагында эмне болуп жатканын сурады.

Эл өкүлүнүн айтымында, абактагылардын жакындары келип, колонияда кыйноого алынып жатканын билдиришкен.

«Алар жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылышкан, бирок журналисттер бул маселени жазбай жатышат. Башкы прокуратура жана башка укук коргоо органдары бул ишти териштирүүнү каалашпайт, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери колонияга барышкан, бирок так жооп бере алышпайт», — деди Дастан Бекешев.

Кемел Садыков бул маалымат чындыкка дал келбей турганын, абактагылардын эч кимиси кыйноого алынган эмес деп жооп берди.

Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева абактагылардын жакындарынын жана депутаттардын кайрылууларынын негизинде бул ишти атайын прокурор иликтеп жатканын, бирок абактагылар соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тартып жатканын кошумчалады.

«Абактагылар арыз жазуудан баш тартып, арызды алар эмес, алардын туугандары жазып жатканын айтышууда. Маалым болгондой, акыркыларга абактагылар менен жолугушууга тыюу салынган жана абактагыларга телефон колдонууга тыюу салынган», — деди ал.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18