14:52, 26 февраля 2025, 24.kg

Бишкекте мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен бала бакча мамлекетке кайтарылды

Мурда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен бала бакча мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз борбору билдирди.

 

Photo 366752

Атайын кызмат тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында мурда Октябрдын 40 жылдыгы атындагы тигүү фабрикасы — «Айгүл» акционердик коомунун балансында турган мамлекеттик мүлктүн бир бөлүгү — бала бакчанын имараты мыйзамсыз жеке менчикке чыгарылгандыгы аныкталды.

Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын жана социалдык объектилерди ээликтен ажыратууга тыюу салган колдонуудагы ченемдик укуктук актыларды бузуу менен жогоруда аталган бала бакча комплекси «Айгүл» АКнын балансынан мыйзамсыз чыгарылып, жеке жактарга сатылып кеткендиги такталган.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында социалдык багыттагы объекттин менчик ээлери бул мүлккө ээлик кылуунун укукка жатпагандыгын түшүнүшүп, Бишкек шаары, Гоголь көчөсү,127а дарегинде жайгашкан, пайдалуу аянты 1810 кв метр, жалпы аянты 0,65 га болгон 2 кабаттуу 280 орунга ылайыкталган бала бакча комплексин мамлекеттин балансына ыктыярдуу түрдө кайтарып беришти.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18