15:44, 25 февраля 2025, 24.kg

Бишкекте милиция кызматкеринин кармалышы. УКМКдан чоо-жайы

УКМКнын басма сөз борбору Бишкектин Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын ГОМ-8 бөлүмүнүн тергөөчүсү 350 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалгандыгынын чоо-жайын билдирди.

Атайын кызмат тарабынан укук коргоо органдарындагы системалуу коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү тарабынан уюштурулган туруктуу коррупциялык схемага бөгөт коюлду.

 

Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында Биринчи май РИИБдин тергөөчүсү юстициянын капитаны Б.У.А мыйзамсыз кирешелерди алуу жана жеке баюу максатында, кармалгандар менен жолугушууга уруксат берүү үчүн системалуу түрдө опузалап акча алууга шарт түзгөн.

Тактап айтканда, Б.У.А. ар кандай кылмыштарды жасоого шектелген жана камакта жаткан адамдар менен жакын туугандарынын жеке жолугушуусун өткөрүү маселесин чечүү укугуна ээ болуп, ар кандай негиздер жана негизсиз шылтоолор менен чечимди создуктурган же жолугушууга уруксат берүүдөн баш тарткан.

Натыйжада 2025-жылдын 24-февралында Б.У.А. камактагы адамга жолуктуруу үчүн кезектеги параны алып жаткан жеринен кармалган.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгүндө («кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») каралган кылмышка шектүү катары, КР Жазык-процесстик кодексинде белгиленген тартипте Б.У.А Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө — ыкчам иш-чаралар улантылууда.

УКМК мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштардын алдын алуу максатында мыйзамдарга жазаны тактоо, күчөтүү жана чектөөлөрдү белгилөө жаатында өзгөртүүлөр киргизилгенин эскертет.

Бүгүнкү күндө коррупционерлерге реалдуу жазадан качууга мүмкүндүк берген жеңилдетүүчү ченемдер алынып салынды. Эми күнөөлүү адамдар айып пул эмес, толук абак мөөнөтүн алышат жана андан кийин мамлекеттик же муниципалдык кызматка кайтып келе алышпайт.

Кармалган Б.У.А.га карата эч кандай жеңилдик берилбестен, мыйзам чегинде жоопко тартылат.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18