15:26, 25 февраля 2025, 24.kg

Дипломатиялык паспорттор ээлери үчүн Албанияга визасыз кирүүгө уруксат берилди

Президент Садыр Жапаров «2024-жылдын 23-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргызстандын министрлер кабинети менен Албаниянын министрлер кеңешинин ортосундагы Дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 30-январында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты 2024-жылдын 23-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргызстандын министрлер кабинети менен Албаниянын министрлер кеңешинин ортосундагы Дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргызстан тарабынан аткаруу болуп саналат.

Макулдашууда Кыргыз Республикасынын жана Албания Республикасынын жарандары — дипломаттык жана кызматтык паспортторунун ээлери Макулдашуунун тараптарынын мамлекеттеринин аймагына кирүү, жүрүү, чыгуу жана транзит менен өтүү үчүн визалык талаптардан кирген датадан тартып 180 (жүз сексен) күндүн ичинде 90 (токсон) күндөн ашпаган мөөнөткө бошотулат деп каралган.

Макулдашууну ратификациялоо ишкердик мобилдүүлүктү өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт жана жарандардын — дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлеринин Макулдашуунун тараптарынын мамлекеттеринин аймагында жүрүүсүн жөнөкөйлөтөт.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18