15:19, 25 февраля 2025, 24.kg

Бишкекте № 2 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун филиалынын жаңы имараты ачылды

Бүгүн, 25-февралда Бишкек шаарындагы «Чоң-Арык» конушунда жайгашкан № 2 үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы филиалы ачылды. Шаардык бюджеттен аталган үй-бүлөлүк медицина борборун курууга 145 миллион сом бөлүнгөн. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы имарат бул аймактагы тургундарды сапаттуу медициналык жардам менен камсыз кылууга багытталып, 26 000ден ашуун адамга кызмат көрсөтөт. Мында дарыгерлердин кабинеттери, ЭКГ, УЗИ, рентген, физиотерапия кабинеттери, стерилизациялоо, техникалык жана чарбалык имараттар жайгашкан. Ошондой эле бейтаптар үчүн лифт жана санитардык түйүндөр каралган. Долбоордун алкагында жанаша жайгашкан аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери аткарылып, борборду заманбап гана эмес, медициналык жардам көрсөтүү үчүн ыңгайлуу жайга айландырды.

Иш-чарага Жогорку Кенештин депутаты Марлен Маматалиев, саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов, Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева, саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери жана Үй-бүлөлүк медицина борборунун жамааты катышты.

Белгилей кетсек, бул иштер Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн, ал эми подряддык уюм катары «Эсир Компании» ЖЧКсы катышкан.

ҮМБнын № 2 филиалы 1996-жылы түзүлүп, бир нече жылдар бою «Чон-Арык» айылында жана «Орок» конушунда жайгашкан. Бирок убакыт өткөн сайын имараттар жараксыз абалга келип, фундаменти чөгүп, дубалдары кулап, бейтаптарды кабыл алуу шарттары талапка жооп бербей калган. Бул себептүү Бишкек шаарынын мэриясынын чечими менен «Чон-Арык» конушундагы, Семетей көчөсү 6 дареги боюнча 2,3 гектар аянтка жаңы медициналык мекеме куруу үчүн жер бөлүнгөн.

2024-жылы курулуш башталып, 2025-жылдын февралында расмий ачылды.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18