09:14, 25 февраля 2025, 24.kg

«Кудайберген» базарынын аймагындагы ири өрт чыгып, 12 бригада тартылды

Кудайберген базарынын аймагында, Патрис Лумумба жана Профсоюзная көчөлөрүнүн кесилишинде түн ичинде унаа тетиктерин саткан дүкөн өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 25-февралда саат 02:19да П.Лумумбы жана Профсоюзная көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан унаа тетиктерин сатуучу дүкөндөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Тилсиз жоону өчүрүүгө жалпы 12 бөлүм жана штаб тартылган.

Мындан тышкары, райондук элекр тармактарынан 1 бригада, Ички иштер министрлигинен 4 экипаж жана «Бишкек» тазалык муниципалдык ишканасынан 3 суу ташуучу унаа тартылган.

Өрт 06:04тө чектөөгө алынды.

Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18