08:30, 25 февраля 2025, 24.kg

Самат Матсаковдун иши. Сот жактоочуну сыртка чыкпоо тил каты менен бошотту

Бишкектин Биринчи май райондук соту жактоочу Самат Матсаковду сыртка чыкпоо тил каты менен бошотту. Бул тууралуу 24.kg басылмасына райондук соттон билдиришти.

Эске салсак, адвокат Самат Матсаков журналисттердин укугун коргогон. Ал 2024-жылдын 29-ноябрында кармалып, 30-ноябрга чейин камакта калтырылган. Сот андан ары камакта кармоо мөөнөтүн 2025-жылдын 28-февралына чейин узартты.

Камалгандан бери укук коргоочулар анын укуктары бузулганын байма-бай айтып келишет. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматына ылайык, жактоочу коррупция, алдамчылык жана документтерди жасалмалоого каршы күрөшүүнүн алкагында кармалган. Аталган башкармалык Самат Матсаков сот тармагындагы байланыштарын пайдаланып, 22 миң долларды ээлеп алганын билдирген.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18