09:25, 24 февраля 2025, 24.kg

Кыргызстанда садага-битир берүүнүн тартиби жана өлчөмү бекиди

Кыргызстанда садага-битир берүүнүн тартиби жана өлчөмү бекиди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, буудай, ун, мейизден 1 килограмм 600 грамм, ал эми арпа жана курмадан 3 килограмм 200 грамм же алардын акчалай наркы менен берүү керек.

Садага-битирдин өлчөмү төмөнкүдөй бекитилди (учурдагы баа менен):

— Буудай — 80 сом (1,6 кг);

— Ун — 128 сом (1,6 кг);

— Мейиз — 1200 сом (1,6 кг);

— Арпа — 288 сом (3,2 кг);

— Курма — 2880 сом (3,2 кг).

«Садага-битир берүүчү адам көрсөтүлгөндүн кайсынысын чыгарса өз ыктыяры. Муктаждардын пайдасы үчүн көбүрөөгүн чыгаруусу абзел», — деп айтылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18