17:24, 21 февраля 2025, 24.kg

Сокулукта жергиликтүү кеңештин төрагасы аялы менен көңүлдөшүн ала качып, сабаган

Укук коргоо кызматкерлери Сокулук айылынын Сары-Өзөн айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасын кармашты. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Ал адам уурдоо, кыйноо жана мыйзамсыз курал-жарак сатуу боюнча шектелүүдө.

Photo 366219

Милицияга Д.А аттуу жаран анын мурунку күйөөсү үйүнөн алып кетип, аны Сокулук айылынын сыртына алып чыгып, денесине залал келтиргендиги тууралуу арыз менен кайрылган. Анын айтымында, окуя болгон учурда унаада Т.Ч. аттуу аял да болгон.

Ушундай эле арыз менен Т.Ч. аттуу жаран Д.М.га карата чара көрүү жөнүндө, ал дагы анын денесине залал келтирдиги тууралуу арыз менен кайрылган.

Бул фактылар Сокулук РИИБге катталып, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (Кыйноо) жана 165-беренеси (Адам уурдоо) боюнча кылмыштардын негизинде кылмыш иштери козголгон.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүүнүн жашаган жери аныкталып, ал Сокулук айылынын Сары-Өзөн айыл округунун жергиликтүү кеңешинин төрагасы 1987-жылы туулган Д.М. аттуу жаран экендиги аныкталып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү жаран Д.М.дан мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдар табылып, алынган,. Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) кылмыш белгилеринин негизинде кылмыш иши козголгон.

Учурда сот тарабынан шектүүгө карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып алынган.

Кылмыш иши боюнча бардык зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18