16:38, 21 февраля 2025, 24.kg

Кыргызстанда быйыл сугат суусу былтыркыга караганда көбүрөөк топтолду

Учурда Кыргызстанда топтолгон суунун жалпы көлөмү 1,5 миллиард метр кубду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 41 миллион метр кубга көп. Республикадагы бардык 498 ирригациялык суу сактагычтын долбоордук кубаттуулугу 1,8 миллиард кубометрди түзөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2025-жылга карата 1 млн 22 миң га сугат жерлерин орточо 4-5 жолу сугарууга 7,4 млрд м3 суу берүү пландалды. Сугат мезгилиндеги суунун жетишсиздигин жөнгө салуу максатында 2024-жылы Министрлик тараптан 626,0 км чарба аралык каналдарда калыбына келтирүү иштери аткарылды.

Анын ичинен 93,3 км — оңдоо, 32,7 км — бетондоо,

500,0 км механикалык жол менен тазаланып,

596 гидротехникалык курулмалар,

250 суу өлчөөчү посттор,

115 насостук станциялар,

221 насостук агрегаттарда оңдоп-түзөө иштери аткарылып, 30 насостук агрегат жаңыланып, 11 суу топтоочу курулмаларда жана 150,0 км коллектордук-дренаждык тармактын механикалык жол менен тазалоо иштери аткарылган.

Тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу ыкмасына өтүү максатында 1484 га сугат аянттарына аталган ыкманы уюштуруу иштери аткарылууда.

2025-жылдын сугат мезгилине даярдоо үчүн 51 даана ар түрдүү экскаваторлор, 11 даана бульдозер, 8 даана автокран, 42 даана чоң жүк көтөрүүчү автоунаа, 40 даана жеңил жүк көтөрүүчү автоунаа жана 51 даана фронталдык жүктөгүч атайын техникалар иштеп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18