14:39, 21 февраля 2025, 24.kg

Президентке айрым райондордун акимдерин кызматтан алуу сунушталат

Президенттик аппараттын жыйынынын соңунда министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев бир катар райондордун акимдерин ээлеген кызматынан бошотуу сунушу мамлекет башчынын кароосуна киргизиле турганын билдирди.

Атап айтканда, төмөнкүлөр аталат:

Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев;

Базар-Коргон районунун акими Мирлан Карагулов;

Араван районунун акими Сейтек Кулубаев;

Ноокат районунун акими Жакынбек Субагожоев;

Ак-Суу районунун акими Мунарбек Насиров;

Талас районунун акими Нургазы Нармырзаев;

Манас районунун акими Досманбек Жээнбеков.

Кошумчалай кетсек, Каракол шаарынын мэрине анын орун басары Гүлназ Орозова жүктөлгөн милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн ээлеген кызматынан бошотуу суралган. Нарын районунун акимине да орун басарын кызматтан алуу сунушталды.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18