13:55, 21 февраля 2025, 24.kg

Кара-Кулжа районунун акиминин орун басары Муса Кокоев кызматтан алынды

Бүгүн, 21-февралда Кыргыз Республикасынын президентинин администрациянынын коллегиясы болду. Кызматтык милдеттерин так аткара албаган бир катар жетекчилер жоопкерчиликке тартылып, айрымдары кызматтан бошотулду.

Коллегияда Кара-Кулжа районундагы ири мыйзам бузуулар жана шалаакылык фактылары айтылды. Акимдин социалдык тармак боюнча орун басары Муса Кокоевдин шалаакылыгы менен мыйзамсыз 37 токтомдор кабыл алынган. Көзөмөлдүн жоктугунан улам, бир катар социалдык программалар мыйзам бузуу менен ишке ашырылган.

Райондо социалдык контракттар боюнча мониторинг жүргүзүлбөгөндүктөн, 11 үй-бүлө негизсиз түрдө мамлекеттик каражат алган. Учурда бул мыйзам бузуулар боюнча Ички иштер бөлүмү териштирүү иштерин баштады.

Кокоев жетектеген социалдык тармактын жооптуу кызматкерлери мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин сыйымдуулугу боюнча анализ жүргүзгөн эмес. Натыйжада, 2023-2024-жылдары мамлекеттик акселератор программасынын алкагында бир да жаңы бала бакча ачылган жок. Жогорудагы негиздер боюнча акимдин орун басары Муса Кокоев коллегиянын жыйынтыгы менен кызматтан алынды.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18