12:36, 21 февраля 2025, 24.kg

Каржы министрлиги кызматкерлери иш сапардан улам миңден ашык жумуш күнүн жоготту

Юстиция, финансы, транспорт, саламаттыкты сактоо жана айыл чарба министрликтеринин кызматкерлери орто эсеп менен он күндөн ашык чет өлкөгө командировкада болушкан. Бул тууралуу өлкө башчынын жана министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Азамат Осмонов президенттик аппарат менен министрлер кабинетинин жыйынында билдирди.

«Бул абдан олуттуу көйгөй. Маселен, Каржы министрлигинен 88 кызматкер чет элдик командировкада болгон. Алардын ар бири орто эсеп менен 14 жумуш күнүндө ишке чыкпай калгандыгы аныкталды. Ошентип, Каржы министрлигинин кызматкерлери жалпысынан 1232 жумуш күнүн жоготушту», — деди ал.

Азамат Осмонов белгилегендей, өткөн жылдын май айынан бери чет элдик иш сапарларды көзөмөлдөө департаменти менен макулдашуу тартиби киргизилгенден бери чет өлкөгө иш сапарга чыгуу боюнча 439 арыз түшүп, анын 128и четке кагылган.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18