08:00, 21 февраля 2025, 24.kg

«Каракол» аэропорту IKG эл аралык кодун алды

«Каракол» эл аралык аэропортуна IKG коду ыйгарылды. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААКсынан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, үч тамгадан турган уникалдуу код дүйнө жүзүндөгү аэропортторго Эл аралык аба транспорту ассоциациясы (ИATA) тарабынан берилет. Бул код авиация тармагындагы процесстерди жөнөкөйлөтүү үчүн стандартташтырылган системанын бир бөлүгү болуп саналат.

Каракол аэропортунун жаңы аэропорттук терминал комплекси саатына 250 жүргүнчүнү өткөрүүгө жөндөмдүү жана жалпы аянты 8 миң чарчы метрди түзөт. Реконструкциянын алкагында учуу-конуу тилкесин 400 метрге узартуу камтылган, бул ага заманбап учактарды жайгаштырууга мүмкүндүк берет.

Келечекте чоңураак учактарды кабыл алуу жана эл аралык каттамдарды кеңейтүү үчүн тилкени дагы 3,5 километрге чейин узартуу пландаштырылууда.

Эске салсак, Каракол шаарындагы эл аралык аэропорт былтыр реконструкциялоо иштеринен соң ачылган.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18