16:30, 20 февраля 2025, 24.kg

«Кумтөрдүн» кызматкерлери тамеки чегүүдөн баш тартышууда

«Кумтөрдүн» кызматкерлери жаман адатка айланган тамеки чегүүдөн арыла башташты. Бул тууралуу «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, дээрлик бир жыл мурун, 31-майда Бүткүл дүйнөлүк тамеки чегүүгө каршы күнүнө карата компания кызматкерлери арасында «Мен тамекини таштайм!» долбоорун баштаган. Ага ишкананын 90 кызматкери катышып, анын ичинен тогуз адам тамекини таштоо боюнча бардык талаптарды аткарган.

Кумтөр кенинин өндүрүш гигиенасы боюнча дарыгери Чыңгыз Эгембергеновдун айтымында, долбоор компаниянын кызматкерлеринин арасында чоң кызыгууну жаратты.


«Өпкөдө көмүр кычкыл газынын бар же жок экенин дем алуу аркылуу аныктоого болот. Долбоордун катышуучуларын алты ай боюу тынымсыз текшерип, жыйынтыгында чындап тамекини таштагандарды аныктадык. Биз тамекини таштоого жана сергек жашоо образын жайылтууга багытталган мындай долбоорлорду мындан ары да ишке ашырууну көздөп жатабыз», — деп белгиледи ал.

«Кумтөр Голд Компани» башка компанияларды кызматкерлери арасында бул зыяндуу, жаман адаттан толук баш тартууга багытталган ушундай сынактарды өткөрүүгө чакырат.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18