13:18, 20 февраля 2025, 24.kg

Акыйкатчылык абактагы Махабат Тажибек кызынан кабар алды

КРнын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаеванын тапшырмасы менен институттун кызматкерлери Чүйдөгү № 2 аялдар абагына мониторингге барып келишти. Бул тууралуу Акыйкатчылыктын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, институттун кызматкерлери журналист Махабат Тажибек кызы менен баарлашышкан.

Буга чейин, социалдык тармактарда Махабат Тажибек кызынын каты жарыяланган. Ал катка башка кармалгандар «өлтүрөм» деп коркутуп жаткандыктан, өз өмүрүнөн кооптонуп жатканын жазган.

Махабат Тажибек кызы Акыйкатчы Институтунун кызматкерлерине коркутуулар болгонун билдирди.

«Ооба, В. Лысенко тарабынан коркутуулар болгон. Ал нерселер мен абакка келген биринчи күдөрдө болгон. Ал мени өлтүрөм деп коркуткан. Азыр абактын жаңы жетекчиси тарабынан тиешелүү чаралар көрүлдү. Учурда, менин өмүрүмө коркунуч жаралбай эле. Андыктан, абактын кызматкерлерине жана соттолгондорго доом жок», — деп жазган ал өз арызында.

Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери абактын жетекчилиги менен тиешелүү иш алып барышты.

Мекеменин жаңы жетекчиси Махабат Тажибек кызынын арызынын негизинде текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында, 13-февралда Лысенкону жалпы режимден катуу шарттагы кармоого (камералык типтеги жайга) которгонун маалымдады.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18