12:55, 20 февраля 2025, 24.kg

Жаңы жер кодекси. Бишкектин борборунда каршы кол топтоо жүрүп жатат

Бүгүн, 20-февралда Бишкектин борборунда жаңы Жер кодексине каршы кол топтоо жүрүүдө. Топтолгон эл Кыргызстандын президенти Жогорку Кеңеш кабыл алган документке кол койбосун өтүнүп жатышат.

Жаңылык толукталууда.

Жогорку Кеңештин имаратынын жанына 50дөй адам чогулуп, мамлекет башчыга кайрылуу үчүн каалоочулардын бардыгынан кол топтоп жатышат.

Эл жаңы Жер кодексине киргизилген жеке менчикти алуу жөнүндөгү жобо Кыргызстандын жарандарын менчиктен — жер тилкелеринен жана үйлөрүнөн ажыратышы мүмкүн деп эсептешет.

Ошол эле учурда аткаминерлер Жер кодекси жеке менчикке болгон укукту коргойт деп ырасташууда. Жер ресурстары, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жеке менчикте турган кыймылсыз мүлк, жер тилкелери жана үлүштөр мамлекетке кайтарылбай турганын — аларга болгон бардык укуктар Конституция жана тиешелүү кодекс менен корголот деп билдирди.

Жер кодексинин азыркы редакциясына ылайык, кыймылсыз мүлктү, жер тилкелерин, үлүштөрдү камакка алуунун негиздери өзгөрүүсүз калтырылган.

Аткаминерлер мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган жерлерди мамлекетке кайтарып алуу үчүн атайын негиздер каралганын эске салды:

жерди туура эмес пайдаланган учурда;

табигый кырсыктардын коркунучу болгон учурда жана табигый кырсыктардын натыйжасында;

мамлекеттин муктаждыктары үчүн өзгөчө баалуу жерлер же өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары болгон учурда.

«Мындан тышкары, жаңы Жер кодексине ылайык, жер тилкесин мамлекетке кайтаруу соттун чечими менен гана мүмкүн жана бул өзгөчө чара катары каралат», — деп кошумчалашты ведомстводон.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18