12:33, 20 февраля 2025, 24.kg

«Качкын» кыргыз тасмасы француз кинофестивалында үч сыйлыкка ээ болду

Режиссер Дастан Жапар Рыскелдинин «Качкын» тасмасы Везуль шаарында (Франция) өткөн Эл аралык Азия кинофестивалында үч сыйлыкка ээ болду. Бул тууралуу kyrgyzcinema.com сайтында маалымдалды.

Ал калыстар тобунун эл аралык сыйлыгын, Марк Хаас жана Musée Guimet сыйлыгын жеңип алган.

Photo 365951

«Качкын» тасмасы чет мамлекетте жашоо-турмушун жакшыртууну көздөгөн мигранттардын кыйынчылыктары жана тарткан азап-тозоктору тууралуу айтып, мыйзамсыз миграциянын кесепеттерине токтолот.

Орто Азиянын тоолорунда жашыруун жолдорду ачкан Аза менен Самат аттуу эки баңгизат сатуучулар кулчулуктан качып бараткан Назик аттуу жаш кызга туш болушат. Кийин Назик кайрадан жергиликтүү кылмышкердин колуна түшүп калганда, Аза аны эмне гана болбосун куткарууну чечет.

Тасманын негизги бөлүмдөрү Нарын, Балыкчы жана Токтогул шаарларында тартылган.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18