11:10, 20 февраля 2025, 24.kg

Өзүн-өзү уюштурууга арналган 10 жөнөкөй усулдук

Тайм-менеджмент — бул өз ресурстарыңызды эффективдүү колдонуу жана алдыга койгон максаттарга жетүүдө убакытты башкаруунун искусствосу. Туура пландоо иштеги натыйжалуулукту гана жогорулатпастан, жашоонун сапатын дагы көтөрөт. Ozon менен бирге тайм-менеджменттин негиздерин талдайбыз.

Биринчи принцип: пландоо максаттар менен приоритеттерден башталат. Максаттар SMART болушу зарыл: конкреттүү, өлчөлүү, жеткиликтүү, реалдуу жана убакыт мерчеминде чектелүү. Приоритеттерди коюштурууда Эйзенхауэрдин матрицасы жардам берет, ал маселелерди төрт тайпага бөлүүнү камтыйт: маанилүү тез арада аткарыла турган жана маанилүү тез арада аткарылбай турган, маанилүү эмес тез арада аткарылчу, маанилүү эмес тез арада аткарылбай турган.

Экинчи принцип: күн тартибин кармангыла. Күндү эң маанилүү маселеден баштагыла, андан соң татаал маселелерге кайрылгыла, жөнөкөй маселелерди күндүн аягына таштагыла. Сөзсүз эс алууну, тамактанууну жана физикалык активдүүлүктөргө, ошондой эле күтүлбөгөн жагдайларга убакыт таштагыла.

Үчүнчү принцип: көп маселелерди бир убакта чечүү — натыйжалуу болуунун душманы. Ар бир берилген убакытта бир гана маселеге көңүл бурууну адат кылгыла, ошондо көп нерселерди аткарууга жетишесиңер.

Төртүнчү принцип: көңүлүңөрдү алагды кылчу факторлордон алыс болгула. Социалдык тармактардардан, мессенджерлерден жана маанилүү маселелерди аткаруудан алыстатчу нерселерден оолак болгула.

Бешинчи принцип: мезгил мезгили менен аракеттериңер менен натыйжаларга көз жүгүрткүлө. Ошентип силер алсыз жактарды аныктап, пландарыңарга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизе аласыздар.

Негизги принциптерди колдонуудан сырткары жогорку натыйжалуулукка жетишүү үчүн убакытты башкаруунун айрым ыкмаларын дагы колдоно билүү маанилүү. Алардын негизгилери төмөнкүлөр:

  • Pomodoro ыкмасы. 25 мүнөт иштеп, андан соң 5 мүнөттүк тыныгуу кылыңыз. Төрт циклдан соң узагыраак эс алыңыздар — 15-30 мүнөт. Бул ыкма концентрацияны сактап, чарчоодон сактайт.
  • Башында баканы же. Күнүңөрдү эң жагымсыз маселеден баштагыла. Аны чечкен соң, сиз жеңилдеп, калган маселелерди жеңилирээк чечесиз.
  • Парето принциби. 80 пайыз натыйжа 20 пайыз аракеттен улам келип чыгат. Эң маанилүү натыйжаларды берчү маселелерге көңүл буруңуз.
  • Жегиликтүү пил. Чоң маселелерди чакан маселелерге бөлүп алгыла. Ушинтип силер стресси жок, чоң маселелерди чечип алууга жетишесиздер.

Смартфондорго арналган атайын тиркемелердин саны арбын, алар маселелердин тизмесин жаратууга жана убакытты бөлүштүрүүгө багытталган. Анткен менен алар жетишсиз. Убакытты жөнөкөй уюштуруудан жана ар бир күндүн натыйжалуу болушунан ырахат алгыдай, Ozon-до сунушталган усулдуктарды сунуштайбыз.

Пландоо-күндөлүгү.

Маселелерди жадыбалдай башыңарга сактабай, жазып алгыла. Кагаз формат визуалдаштыруу жана жыйынтыктого өзгөчө ыңгайлуу.

Photo 365926

Эскертмелерге арналган чаптамалардын түзмөгү

Эскертүүлөрдү жаратууга жана идеяларды жазып калууга арналган чаптамалар. Көзгө көрүнөөрлүк жана структуралаштырууга ыңгайлуу ачык түстөр.

Photo 365932

Жазуулар үчүн көп функционалдуу такта

Жыгач кабынан, магниттелген же маркер тактасы пландарды жана маселелерди визуалдаштырууга жардам берет. Тизмелерди, схема жада калса чыгармачылыкка дагы ылайыктуу.

Photo 365928

Үн-добуштарды азайтуучу кулак тыгындары

Сырткы ызы-чуу үндөрдү басып, жумушка кунт коюуну арттырат.

Photo 365929


Акылдуу саат же фитнес-билериктери

Билдирүүлөр менен эскертмелер ар дайым кол алдыңыздарда болот, демек смартфонго ашыкча алаксуунун кажети жок.

Photo 365934

Стол үстүндөгү жарыкты ыңгайлаштырган чырак

Жарыктын күчүн ылайыкташтыруу көзгө күч келтирбей кунт коюп иштөөгө жардам берет.

Photo 365927

Иш столуна арналган органайзер

Иш столундагы ирет концентрацияны арттырат, демек натыйжалуу ишти дагы камсыздайт.

Photo 365930

Ноутбукту коюга арналган жөлөгүч

Туура эргономика чарчоону азайтып, жалпысынан саламаттыкты чыңайт.

Photo 365931

Термопот

Кыска мөөнөткө тыныгуу учурунда ысык чай же кофени ар дайым камсыз кылат.

Photo 365933

Моюн жана ийин массажеру

Узак иш күнүнөн кийинки чыңалууну азайтат жана күчүңөрдү турукташтырат.

Photo 365937

Маркетплейсте мындан сырткары башка дагы керектүү буюм-тайымдарды таап, өзүңөрдүн көңүлүңөрдү ойдогудай сактоого шарт түзө аласыздар.

Бул жерде туруктуу акциялар өткөрүлүп турат, ошондуктан керектүү буюмдарды ыңгайлуу баада таба аласыздар. Ozon-го баш багып туруңуздар!

 

 

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18