09:45, 20 февраля 2025, 24.kg

Кыргыз жарандарын Францияда ишке орноштуруу маселеси Парижде талкууланды

Франциянын Европа жана Тышкы иштер министрлигинде Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Садык Шер-Нияз менен Тышкы иштер министрлигинин Саясий департаментинин директору Брис Рокфелдин жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүүнү мындан ары тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Экономикалык кызматташтыкты, анын ичинде энергетика, энергиянын кайра жаралуучу булактары жана туризм тармагындагы долбоорлорду бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурулду.

Садык Шер-Нияз менен Брис Рокфел Кыргызстандын жарандарын Францияда сезондук жумушка орноштуруу маселесине токтолуп, бул жаатта Европанын башка өлкөлөрү менен болгон ийгиликтүү мисалдарды эске алышты.

Франциянын тышкы соода министри Кыргызстанга май айында келери такталган. Бишкекте кыргыз-француз бизнес форумун өткөрүү пландалууда.

Тараптар ошондой эле Кыргыз Республикасына француз инвестициясын тартуу, анын ичинде Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу жана «Три Вершины» лыжа базасын өнүктүрүү долбоорун ишке ашыруунун алкагында талкуулашты.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18