09:19, 20 февраля 2025, 24.kg

Мамакеев атындагы хирургиялык борбор өрт коопсуздугунун талаптарына жооп бербейт

Мамбет Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунун имараты өрт коопсуздугунун талаптарына жооп бербейт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы текшерүүнүн жыйынтыгында билдирди.

Одоно бузууларды калыбына келтирүүгө иштин көлөмүнө жараша 30 күн бакыт берилип, көзөмөлдүк текшерүүгө чейин кемчиликтерди жоюу боюнча эскертмелер берилди.

Белгилей кетсек, социалдык объектилерди пландан тышкаркы текшерүүлөр буга чейин да байма-бай жүргүзүлүп келген. Министрлер кабинетинин протоколдук тапшырмасынын негизинде республика боюнча саламаттыкты сактоо мекемелеринде күчөтүлгөн текшерүүлөр улантылат.

"Ири материалдык чыгымдарга жана адам өлүмүнө жол бербөө үчүн ӨКМ адистери алгач өрт коопсуздугуна жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырат",-деп айтылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18