18:09, 19 февраля 2025, 24.kg

Ошто Матраимовго таандык мейманкана билим берүү башкармалыгына берилди

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго тиешелүү болгон жана мурда мамлекеттин пайдасына алынган мейманкана шаардык билим берүү башкармалыгынын карамагына өттү. Мындай маалыматты аталган мекеменин жетекчиси Салтанат Аманова «Азаттыкка» тастыктады.

Анын айтымында, администрация жалпы аянты 1468 чарчы метр болгон эки кабаттуу имаратка жарым ай мурун көчүп келген. Билим берүү бөлүмүнүн мурдагы имараты «Лотос» балдар үйүнө берилет.

Буга чейин Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсүнө таандык болгон Ош шаарындагы «Эрем» спорт клубу 2024-жылдын сентябрь айында түштүк борбордун мэриясынын карамагына өткөнү маалымдалган.

Эске салсак, 2024-жылы Райымбек Матраимовго издөө жарыяланып, кийин Бакуда кармалгандан кийин бийлик Матраимовдун мүлкү мамлекеттин пайдасына конфискацияланганын билдирген. Бул объектилердин арасында Бишкек, Ош шаарларындагы жана Ысык-Көл облусундагы үйлөр жана турак-жай , имараттары болгон.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору Райымбек Матраимовдун жалпы баасы 34 миллион 810 миң 500 доллар (3 миллиард 98 миллион 134 миң сом) болгон кыймылсыз мүлкү мамлекеттин менчигине өткөнүн белгиледи.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18