17:34, 19 февраля 2025, 24.kg

Айсулуу Мамашова: «Бишкектеги мамлекеттик кризистик борбор дагы эле иштей элек»

Бүгүн, 19-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айсулуу Мамашова Бишкектеги мамлекеттик кризистик борбор 2024-жылдын жазында үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдар менен балдарга эшигин ачпай жаткандыгын билдирди.

Анын айтымында, борбордун иштешине каражат бөлүнгөн эмес.

«Өлкөдөгү бардык кризистик борборлор эл аралык донорлордун каражаттарына көз каранды. Бирок айрым саясий процесстерден улам донорлордон акча түшпөй, кризистик борборлор жардамга муктаж. Белгилей кетсек, алар ижарага алынган имараттарда жайгашкан. Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук күчөгөндүктөн бардык кризистик борборлор толуп, мамлекеттик борбор ага карабай иштебей турат», — дейт Айсулуу Мамашова.

Ал белгилегендей, кризистик борборлордун абалы өзгөчө Ош шаарында курч. Бирок шаар мэри да, президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү да кризистик борборлорго жардам берүүнү каалабайт.

«Мамлекет кризистик борборлорду колдоого алышы керек, анткени үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган балдары бар аялдардын башка барар жери жок. Мындан тышкары, юридикалык жана психологиялык жардам алуу үчүн аталган борборлорго кайрылышат», — деп кошумчалады эл өкүлү.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18