16:52, 19 февраля 2025, 24.kg

ЖК Кыргызстандын Орусиядагы консулдуктарынын иши менен таанышууга кызыктар

Бүгүн, 18-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Таалайбек Сарыбашов Орусияда миграциялык саясатты катаалдаштыруу боюнча кабыл алынган мыйзамдардан улам мигранттардын укугу бузулуп жатканы тууралуу маалыматтар тынчсызданып жатканын билдирди.

Ал Россия Федерациясынын көптөгөн шаарларында Кыргызстандын консулдуктары бар экенин белгилеп, алардын иши тууралуу Жогорку Кеңеш Тышкы иштер министрлигинен маалымат угушу керек деп эсептейт.

Депутат Орусиядагы мигранттар консулдуктарга канчалык ишенип, аларга кайрыларын, кыргызстандыктардын укугун коргоо боюнча кандай иштерди аткарып жатканын айтып берүүсү үчүн тышкы иштер министрин парламентке чакырууну сунуштоодо.

Эске салсак, 2024-жылдын октябрында Мамлекеттик Дума миграциялык саясатты катаалдаштырууга багытталган мыйзамдардын пакетин кабыл алган. Ал эми 15-ноябрда «Жаңы адамдар» фракциясынын депутаттары «мигранттык ID» деп аталган мыйзам долбоорун киргизүүнү каалап жаткандыгы тууралуу билдирүү пайда болгон.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18