12:45, 18 февраля 2025, 24.kg

Бишкектин судьясынын кармалышы. УКМКнын толук маалыматы

Атайын кызмат Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы А.М.А. 22 миң доллар пар алуу фактысы менен кармады. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз борбору билдирди.

Photo 365650

Эске сала кетсек, 13-февралда УКМК Ленин райондук сотунун судьясын кармап, тергөө абагына киргизген.

«Ленин райондук сотунун судьясы А.М.Анын пара алуу фактысы аныкталып, ал ортомчу аркылуу жактоочу М.С.А. каралып жаткан жарандык иш боюнча оң чечим чыгарганы үчүн 22 миң доллар алган», — деп айтылат маалыматта.

Мындан улам Башкы прокурору тарабынан Ленин райондук сотунун судьясы А.М.А.га жана адвокат М.С.А.га карата КР Кылмыш-жаза кодексинин «Жооптуу кызмат адамы тарабынан ири өлчөмдө пара алуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында коррупциялык схеманын бардык катышуучулары күнөөсүн мойнуна алышкан.

Азыркы учурда жогоруда аталган фактыларды документтештирүүгө, ошондой эле судья А.М.А.нын жана башка адамдардын ушундай эле кылмыш иштерин аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү улантылууда.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18