15:33, 17 февраля 2025, 24.kg

Кыргызстандын жаны гимни. Комиссиянын иши 21-апрелге чейин узартылды

Кыргызстандын гимнинин музыкасын жана текстин өзгөртүү боюнча комиссиянын иши 21-апрелге чейин узартылды. Бул боюнча бүгүн, 17-февралдагы Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин отурумунда токтом кабыл алынды.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиевдин айтымында, бүгүнкү күндө жарандардан 16 долбоор кабыл алынып, каттоодон өткөн.

«Электрондук дарекке 234 жарандан 401 суроо-талап жана сунуштар түшүп, алар боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө», — деди ал.

Тимурлан Ажымалиев долбоорлорду кабыл алуу уланып жатканын, ошондуктан «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин текстинин жана музыкасынын жаңы редакциясын даярдоо жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтомун ишке ашыруунун мөөнөтүн узартуу сунушталганын кошумчалады.

Эске салсак, гимдин текстине жана музыкасына 20-мартка чейин республикалык сынак жарыяланган эле. Анда министрлик биринчи орунга 1,5 миллион сом убадалаган. Токтомго ылайык, мекемелер аралык комиссия депутаттарга жаңы гимндин үч вариантын бериши керек. Андан соң эл өкүлдөрү жыйынтыктоочу вариантын тандап, бекитишет.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18