14:35, 17 февраля 2025, 24.kg

Кыргызстанда КРВИ жана сасык тумоого чалдыккандар кайрадан көбөйүүдө

Кыргызстанда 10-февралдан 16-февралга чейинки бир жумада курч респиратордук вирустук инфекциялардын 10 796 учуру жана сасык тумоонун 73 учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борбору билдирди.

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматы боюнча, оору өткөн жумага салыштырмалуу 3 пайызга өскөн.

Ооругандардын 4,4 пайызы же 483 адам ооруканага жаткырылган.

2024-жылдын декабрынын ортосунан тарта сасык тумоо мезгили болуп, негизинен A/(H1N1) тумоосунан жана В гриппинин, ошондой эле COVID-19дун айрым учурларынан улам келип чыкканы белгиленген.

Дарыгерлер элди алдын алуу чараларын сактоого чакырат.

КРВИ жана сасык тумоонун жайылышын болтурбоо үчүн төмөнкү алдын алуу чараларын сактоо керек:

— коомдук жайларга баргандан кийин колду самындап жууп же дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу;

— КРВИ же сасык тумоо белгилери бар адамдардан өзүн алыс кармоо;

— жуулбаган кол менен бетиңизге тийбеңиз,

— дем алуу этикетинин эрежелерин сактоо (чүчкүргөндө жана жөтөлгөндө мурунду бүгүлгөн чыканак же бет аарчы менен жабуу),

— КРВИ менен ооругандардын сезондук өсүшү байкалса, коомдук жайларга барууда беткаптарды колдонуу, социалдык аралыкты сактоо.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18