10:39, 17 февраля 2025, 24.kg

18-февралда Эр-Рияд шаарында Украина боюнча АКШ-Орусия сүйлөшүүлөрү өтөт

Эр-Рияд шаарында Украина боюнча АКШ-Орусия сүйлөшүүлөрү эртең, 18-февралда өтмөкчү. Бул тууралуу «Коммерсант» маалымат булактарына таянып жазып чыкты.

Шейшембиде Эр-Риядда Орусиянын расмий делегациясынын катышуусунда Украина боюнча сүйлөшүүлөр болушу керектиги белгиленген. Америкалык тараптын курамына мамлекеттик катчы Марко Рубио, АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майк Уолз жана АКШ президентинин Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Стив Виткофф кирери күтүлүүдө.

Буга чейин Bloomberg Орусия президенти Владимир Путиндин Украина маселеси боюнча АКШ менен сүйлөшүүлөргө катыша турган «оор салмактагылар командасынын» курамын жарыялаган.

Маалыматка ылайык, команданын курамында кеминде үч адам болот: Россия Федерациясынын башчысынын жардамчысы Юрий Ушаков, Тышкы чалгындоо кызматынын директору Сергей Нарышкин жана Орусиянын түз инвестициялык фондунун жетекчиси Кирилл Дмитриев.

Басылма Кирилл Дмитриев «Дональд Трамптын сүйлөшүүчүлөрү менен бейрасмий байланыш каналы катары негизги ролду ойной алат» деп белгилейт.

2017-жылы Дмитриев буга чейин Трамп администрациясы менен байланышта Владимир Путиндин расмий эмес өкүлү болгон.

Politico басылмасынын маалыматына караганда, АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясынын жогорку даражалуу өкүлдөрү Орусия менен Украинанын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоо үчүн Сауд Арабияга барышты.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18