15:34, 14 февраля 2025, 24.kg

Өгөй кызы менен интимдик мамиледе деп шантаж кылган блогер кармалды

Жалал-Абадда дагы бир блогер опузалоо фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат Instagram платформасында 200 миң катталуучусу бар популярдуу блогер Р.к.Ч аттуу КР жаранын кармады.

Photo 365280

Аталган блогер Сузак районунун тургуну И.Т.Д.ны өгөй кызы менен интимдик мамиледе болгон делген жасалма сүрөт/видеолорду таркатам деп коркутуп, акча каражатын талап кылгандыгы аныкталган.

Тактап айтканда, Р.к.Ч. күч колдонуу жана коркутуу жолу менен жабырлануучунун өгөй кызын жылаңач сүрөткө жана видеого тартууга мажбурлаган.

Андан соң даярдалган фото/видео материалдарды колдонуп, өгөй кызы менен интимдик мамиледе деп шантаж кылып И.Т.Д.дан 184 миң сом акча талап кылган.

Учурда кармалган жарандын кылмыш ишинин бардык эпизоддорун аныктоого багытталган тергөө иштери жүрүп жатат.

Мындан улам, Р.к.Ч.нын иш-аракетинен жабыр тарткан адамдарды УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгына, же 0995 012 210, 03722 5-60-49 телефондоруна кайрылууңуздарды өтүнөбүз.

 

Тергөө иштери жүрүп жатат.

 

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18