14:14, 14 февраля 2025, 24.kg

ЖК төрагасы Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын депутаттарын кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Түркия Республикасынын Улуу Улуттук жыйынынын «Түркия-Кыргызстан» парламенттик достук тобунун башчысы Юсуф Беязыт баштаган делегацияны кабыл алды.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык маселелер талкууланып, анын ичинен парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сөз болду.

Алгач Төрага Нурланбек Тургунбек уулу парламенттик дипломатия бардык байланыштардын өзөгүн түзөрүн белгилеп: «Андыктан, алакалардын уңгусу болгон парламенттер аралык кызматташтыкты Төрагалардын деңгээлинде гана эмес, тармактык комитеттердин жана депутаттык достук топторунун алкагында да өнүктүрүшүбүз кажет. Бүгүн сиздердин Кыргызстандагы сапарыңар өнөктөш эки парламенттин кызматташтыгын гана кеңейтүүгө өбөлгө түзбөстөн, боордош эки элдин байланышын чыңдоого көмөкчү болот деген ишеничтемин», — деди.

Муну менен катар Түркия Улуу Улуттук жыйынынын Төрагасы Нуман Куртулмушту да Кыргызстанда күтөрүн айткан Нурланбек Тургунбек уулу ага дубай саламын жолдоду.

Ошондой эле мамлекеттер аралык байланыштардын учурдагы абалына токтолгон Төрага: «Аталган багыттагы алакаларыбыз ырааттуу өнүгүп келет. Айрыкча соода жүгүртүүнүн көлөмү өсүп, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактарындагы кызматташтык да жигердүү жүргүзүлүүдө. Албетте бизде мүмкүнчүлүктөр көп. Алардын бардыгын пайдалануу менен кыргыз-түрк өнөктөштүгүн жаңы деңгээлге чыгара алабыз», — деп кошумчалады.

Өз кезегинде Түркия Республикасынын Улуу Улуттук жыйынынын «Түркия-Кыргызстан» парламенттик достук тобунун башчысы Юсуф Беязыт жылуу кабыл алгандыгы үчүн Төрага Нурланбек Тургунбек уулуна ыраазычылык билдирип, өзү жетектеген делегациянын иш сапары ийгиликтүү өтүп жатканын баса белгиледи.

«Эки өлкөнүн байланышын чыңдоо биздин башкы максатыбыз. Андыктан, Бишкектеги иш сапарыбыздын алкагында актуалдуу маселелер боюнча ой бөлүшүп, кыргызстандык кесиптештерибиз менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган иш-аракеттер тууралуу сүйлөштүк. Буйруса көздөгөн максаттарыбызды биргелешип ишке ашырабыз деген үмүттөмүн», — деди Юсуф Беязыт.

Баарлашуу маалында тараптар эл аралык коопсуздукка тиешелүү маселелер боюнча да пикир алмашып, анын ичинен Газа тилкесиндеги кырдаалды да талкуулашты.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18