12:36, 14 февраля 2025, 24.kg

УКМКнын кызматкерлери КСДПнын дагы бир мүчөсүн кармады

Социал-демократтар саясий партиясынын мүчөсү Фархад Баабиев кармалганын ЖМКлар Кадырбек Атамбаевге шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Ал бир күн мурун, 13-февралда кармалганы такталган.

Photo 365251

УКМКнын басма сөз борбору Фархад Баабиевдин кармалганын 24.kg агенттигине тастыктап, себептери тууралуу кийинчерээк толук маалымат берүүнү убадалады.

Эске сала кетсек, 2024-жылдын 13-ноябрында саясий партиянын штабында тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Борбор калаанын Ички иштер башкы башкармалыгы Социал-демократтар партиясынын штаб башчысы Ирина Карамушкина менен депутаттыкка талапкер Данияр Чолпонбаевдин сүйлөшүүсү делген аудиотасмадан кийин КР Кылмыш-жаза кодексинин «Добуштарды сатып алуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген .

15-ноябрда Свердлов райондук соту Темирлан Султанбеков, Ирина Карамушкина жана Роза Түрксеверди № 1 тергөө абагына камаган. Камакка алынгандар добуштарды сатып алган деп айыпталууда. Камалгандан кийин эле Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков ачкачылык жарыялаган. Ал бүгүнкү күнгө чейин уланууда.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18