Белгилүү журналист Нарын Айып 72 жашында чын дүйнө салды
Белгилүү журналисти Нарынбек Идинов (Нарын Айып) Бишкектеги «Жетинчи канал» телеканалынын имаратында каза болду. Маалыматты 24.kg журналистине телеканалдын башкы директору Илязбек Балташев тастыктады.
Анын айтымында, Нарын Айып бүгүн, 13-февралда жумушка келип, өзүн жаман сезгендигин айткан эмес.
«Саат 14:00дөр чамасында кесиптештери аны иш бөлмөсүндөгү диванда жаткан жеринен табышкан. Кыязы, ал өзүн жаман сезип жаткан. Диванга жатар алдында бут кийимин чечкен. Биз камераларды карап көрдүк . Ал студиядагы иш процесстерин карап, диванга отуруп, кабинетине жөнөдү», — деди Илязбек Балташев.
Дароо дарыгерлерди чакырылып, алар сөөктү өлүкканага алып кетишкен.
Ал өлкөдөгү ар кандай маалымат каражаттарында — «Азаттык», КТРК, НТС, «Бешинчи канал», «Заноза» телеканалдарында иштеп, гезиттерди чыгарып, аналитикалык берүүлөрдү алып барган.
Нарын Айыптын артында жубайы жана төрт кызы калды.
24.kg редакциясы маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтат.