18:05, 13 февраля 2025, 24.kg

Кыргызстанда травматология жана ортопедия улуттук борбору түзүлөт

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Травматология жана ортопедия улуттук борборун түзүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Жарлыкка ылайык, Саламаттык сактоо системасынын сапатын жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын калкына адистештирилген медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында, ошондой эле таяныч-кыймыл аппаратынын жаракаттарын жана ооруларын дарылоо жана реабилитациялоо системасын өркүндөтүү үчүн, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө:

1) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Травматология жана ортопедия улуттук борборунун уставын иштеп чыксын жана бекитсин;

2) бул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18