16:39, 13 февраля 2025, 24.kg

Жогорку Кеңеш Нурдан Орунтаевди курулуш министри кызматына бекитти

Жогорку Кеңеш бүгүн, 13-февралда Нурдан Орунтаевди курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри кылып дайындоого макулдук берди.

Нурдан Орунтаевдин талапкерлигин 75 депутат колдоп, каршы добуш бергендер болгон жок.

Министрликке талапкер депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, Мамкурулушту трансформациялоо үчүн республикалык бюджеттен кошумча акча талап кылынбасын, анткени кызматкерлердин, анын ичинде депутаттардын саны көбөйбөй турганын билдирди.

Эске салсак, Садыр Жапаров өз жарлыгы менен министрлер кабинетинин түзүмүнө өзгөртүүлөрдү киргизген. Министрлер Кабинетинин алдындагы Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин базасында Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги түзүлдү. Мамкурулушту жетектеген Нурдан Орунтаев президенттин жарлыгы менен жаңы мекеменин жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

2 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18